Азамат Жаналиев жип менен Алмазбек Атамбаевдин портретин тартты

31.10.2017 | Коом, Маданият

23031554_1980053082240302_3262647156890706555_n

Азамат Жаналиев деген белгилүү сүрөтчүнү баарыбыз таанысак керек. Азамат сүрөттү калем менен эмес мык жана жиптин жардамы менен тартат. Анан дагы тарыхый инсандарды, белгилүү саясатчылардын портреттерин түшүрүп, белек кылып жүрөт. Бул жолу ал президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин сүрөтүн түшүрүп, аукционго койду. «Ар мамлекетте жүргөнүмдө -өзүңдүн президентиңди тарттың беле?-деп көбү сурайт. Ичимен: Жакында тартам, анын да кезеги келээр-деп. Бүгүнкү күндө коллекциямдагы «UKI-018» номурун ээлеген сүрөт бул Алмазбек Шаршенович Атамбаев.
— Жаманбы, жакшыбы бул биздин президент. Тарыхый инсан. Тынчтык жолу менен өз тактысын өткөрүп берип жатат. Билинбегени менен чоң иштерди кылды деп эсептейм. 
Эми бул эксклюзивдүү сүрөттү- эң жогорку бааны сунуштаган инсанга тапшырам» — деди сүрөтчү. 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: