Бегимай Назарова Филиппиндеги сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышат

13.10.2017 | Коом

14359393_185037308590764_1687774645266153472_n_730x400_730x0.730x0

Кыргызстандын атынан “Miss Earth 2017” сулуулук сынагына Бегимай Назарова аттуу модель кыз катышаары белгилүү болду.

Сулуулук сынагы Филиппинде 14-октябрда старт алып, 4-ноябрга чейин уланат. Анда дээрлик дүйнөнүн 80 мамлекетинин сулуулары катышат. Буга чейин Бегимай Түркияда өткөн сулуулук сынагы катышып, “Достук сулуусу” наамына ээ болгон. “Miss Earth” – дүйнөдөгү эң белгилүү сулуулук сынактарынын бири. Жыл сайын Филиппинде өткөрүлүп келет. Кыргыз сулуулары Кыргызстандын атынан катышабыз деп кетип эле Армения же башка өлкөнүн атын чыгарып келишчү эле, Бегимай антпей Кыргызстандын атын эл алдында татыктуу көрсөтөт деп ишенип туралы.

(Т.К.)


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: