Домой Коом 500 000 сомдук люстра жана 16 000 долларлык килем: Кара-Көлдөгү 33 млн...

500 000 сомдук люстра жана 16 000 долларлык килем: Кара-Көлдөгү 33 млн сомдук жаңы мечиттин көрүнүшү

8

Иш-чарага шаар мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев, шаардын баш имамы Бектен Керезбаев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана облустук казияттын өкүлдөрү, демөөрчүлөр, шаар тургундары катышты.

Мечит 2 кабаттуу болуп курулуп, 1500 кишиге ылайыкташтырылган. Ичинде жертөлөсү бар жана мечит борбордук жылуулук системасына туташкан. Долбоор 33 млн сомду түзгөн. Аны демөөрчүлөр каржылашкан. Мындан тышкары шаар тургундары да колдоо көрсөткөн. Буга чейин Turmush басылмасы аталган мечитке демөөрчүлөр тарабынан 500 миң сомдук люстра жана 16 миң долларлык килем белекке берилгенин жазган. Шаардын имамы Бектен ажы Керезбековдун айтымында, жаңы чечиттин курулушу 2018-жылы 15-октябрда башталган.

Булак: turmush.kg