24-мартта «БОК» дагы сасыйбы? Жыты өзүнүкү…

13.03.2016 | Аналитика

Акматбек Келдибеков

24-мартта ордолуу Ошто элдик курултай өтөөрү кабарланды. Бизге жеткен маалыматка таянсак, элдик курултайдын артында чал-кемпирлердин, балдардын ырыскысына суук колун салып, миллионерге айланган, Кыргызстандагы “коррупциянын символу” Акматбек Келдибеков, 2012-жылдын ноябрында Чыңгызханчасынан Ак үйгө жүрүш жасап, бийликти басып алам деп атып соттолгон Камчыбек Ташиев, “саясый банкротизмдин символу”, апрель революциясында каза тапкандарды “селсаяк, алкаш” атаган Адахан Мадумаров, 2010-жылдагы июнь коогалаңында Өзбекстанга качып бараткан жеринен жоокерлерге кармалып, кийин “баатыр” болуп чыга келген Мелисбек Мырзакматов, бийлик алмашкан сайын миллиондорду жасоонун кыныгын алганы гезит беттеринде жазылган “бульдозер” Азимбек Бекназаров турат экен. 24-марттын тандалып алынганы бекеринен эмес экендиги алардын “Барбаросс планы” ашкере болгондон кийин билинди.

Булар символикалуу түрдө 2005-жылдын 24-мартындагыдай окуяны кайталоону каалап турушкандай. Кантсе да “алма сабагынан алыс түшпөйт” деген ушул тура, анын үстүнө, булардын “желдеттери” “атышса атышабыз, чабышса чабышабыз” — деп курал-жарак даярдап алганы чынбы? Эгер бул пландарын жүзөгө ашырабыз десе мыйзам чегинде жазага тартылаарын да унутушпасын. Бул биринчиси деп туруңуз. Экинчиден, Ош шаардык кеңешине 27-мартта шайлоо өтөөрү маалым. Эгер шайлоодон жеңилүү ызасын тартышса, “элдик курултайын” андан ары улантып, чатак чыгарууга сонун шарт түзүлөт эмеспи? Ортодо 3 күн гана убакыт, 3 күн митингге чыккан адамдарды багууга алардын дарамети жетет.

Биз бул окуя боюнча иликтөөбүздү баштадык, жакында оппозициянын планын ачыкка чыгарууга аракет кылабыз. Мына ошондо оппозиция бийликке жетиш үчүн элибизди курмандыкка чалып, кан төгүүдөн да кайра тартпай калгандыгына күбө болосуздар. Мына, оппозициянын жүзү…

 

Болот Шердин жардамчысы дейби?

Кече жакында эле 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатыры Дуулат Турдуналиевдин жасаган видеокайрылуусу адегенде Фейсбуктагы Gezit.org деген баракчага жарыяланды. Анан эле бийликке каршы кандай гана компромат болбосун илип алып турчу «Kyrgyztoday» деп аталган Бегалы Наргозуевдин интернет сайты көчүрүп чыкты. Журналистика журтчулугуна Бегалы мырзанын ким экени жакшы маалым. Убагында Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп, өзүнүн кесиптештери тууралуу түрдүү ушактарды кагаз бетине түшүрүп алып, анан ар кайсыл эркин басылмалардын журналисттерине таратып берүүчү. Муну ал өзү деле тана албаса керек. Ал эми жогоруда аталган Фейсбуктагы баракча да акыркы мезгилдерде мамлекет башчысын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн, жакындарын бир тараптуу каралоого өтүп алганы белгилүү. Башкача айтканда, бул баракча аркылуу кимдирн-бирөө өзүнүн тымызын саясатын жүргүзүп келет. Ал эми Дуулат Турдуналиевдин видеокайрылуусунда: «Журналисттерди сабап өлтүртүп жатасың» — деп айтканы кашкайган калп. Ушул күнгө чейин бир да журналисттин эси оогончо сабалып, өлүмгө дуушар болгон фактысы каттала элек (андай болбой эле койсун дейли). Кыязы, Дуулат мырза кече жакында эле коомчулукка, «мени Мелис Турганбаевдин заказы менен сабап кетти» деген билдирүү менен чыккан журналист Турат Акимовду айтып жатса керек.

Экинчиден, Турат мырзанын айтып атканы деле кандайдыр бир атайын оюн сыяктуу сезилет. Ал эми, «Атамбаев 2010-жылы мүрзөнүн жанында туруп берген убадаларынын бирин да аткарган жок» дегенине эмне дейбиз? Апрель революциясынын башкы максаттарынын бири — бул президенттик-авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу системасын түп-тамырынан жоюу болчу. Биз бул максатты толугу менен жүзөгө ашыра алдык. Таза шайлоолорду өткөрүүгө жетише баштадык. Сөз эркиндиги кайрадан жакшыра баштады. Албетте, электр энергиясынын тарифи өзгөрдү. Бирок, карапайым калк үчүн 77 тыйындык социалдык тариф сакталып калганын неге айтпайбыз? Андыктан Дуулат мырзанын, «мен өзүмдүн да мүрзөмдү казып койдум» дегени атайылап эле провокация жасоого багытталган сыяктуу.

Баса, ушул жерден дагы бир кошумчалай кетүүчү нерсе — жогоруда айтылган видеокайрылуу 14-мартта Таласта өтөт деген курултайдын алдында жарыяланып олтурат. Мындан улам суроо туулат — Бакиевдер жана анын жакындары кайрадан тымызын чабуулга өттүбү? Бул ирээт чабуулдары жемиштүү болушу үчүн атайылап “Апрель баатырларын” пайдаланып жатышкан жокпу? Алардын башын ар кандай сунуштары менен айлантууга барып жатышсачы? «Апрель баатырлары” өздөрү минтип нааразы болууда» деген коомдук пикирди түзүүнү максат кылып жатышабы? Кыязы, дал ушундай багытта маалыматтык чабуул башталды. Андыктан элибиз алдамчылардын, бузукулардын түрдүү амалдарынан сак болушу кажет.

Дагы бир орчундуу жагдайды кошумчалай кетели. Д.Турдуналиев “атамекенчи” Болот Шердин жардамчысы экен. Мындан улам, суроо жаралат:   Болот Шер  жардамчысы болгон немени көзүн ачып, татынакай тарбия берип койбойбу? Болот Шердин бул маселе боюнча пикирине гезит бетинен орун бергенге даярбыз.

Мурат Мусакаев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: