150 миң сом үчүн 1-класстын окуучусун  өлтүргөн аял…

04.04.2016 | Криминал

Даниэль ЭрматовБул жүрөк титиреткен окуя элдин эсинде болуш керек. 1975-жылы туулган Майрам Акунова деген адам кейпиндеги шайтан 1-класстын окуучусу Даниэлди үйүнөн чыгып мектепке бараткан жеринен азгырып алып кеткен. Анан баланын сөөгү бир нече күндөн кийин шаар четинен табылган. Кечээ күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэль Эрматовду өлтүрүүгө шектелген Майрам Акунованын ишин кароо улантылды. Сотто Майрам Акунова орус тилин билбей турганын жана баланын апасынан акча талап кылган билдирүүнү ал жазбаганын айтып, карганды. Даниэль жоголгон күнү баланын энесинин телефонуна: «Дура, твой принц у меня, если хочеш вернуть 150 000 преготев сына хочеш жвой вернут не кому не расскажи расскажиш дочку тоже потраеш не кто не помежит через завтра 7 и деьги был готов я позвоню» деген СМС билдирүү келген.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: