12 млн. сом канча спортчуга бөлүнөт?

06.03.2017 | Спорт

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги  12 млн. 618 миң сомду Кыргызстандын кыйын чыкма спортчуларына  быйылкы жарым жыл ичинде ай сайын берип турууну жар салды.

спортБул боюнча атайын тизме бекитилип,  багынткан ийгиликтерине жараша сап башында  балбандар Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев жана мүмкүнчүлүгү чектелген спортчу Эсен Калиевдер турат. Ал эми штангист Изат Артыков 25 миң сомдук стипендияга илинди.

2017-жылдын жарым жылдыгынан баштап 250 спортчуга стипендия берилери белгилүү болгону менен, анын суммасы ачыкталган жок.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: