Домой Саясат 104 гектар жер Тажикстанга өтүп кеткени ачыкка чыкты

104 гектар жер Тажикстанга өтүп кеткени ачыкка чыкты

104

Соңку жылдарда Кыргызстандын 104 гектар жери Тажикстанга кантип өтүп кеткенин «Азаттык» атайын иликтөөгө алды.

Өз ара жер участокторун бөлүштүрүү боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын 2005-жылдын 18-майындагы макулдашуусун ишке ашырууда Кыргызстандын кызыкчылыгына залал келтирилгени айтылууда. Макулдашуунун чегинде Баткендин 104 гектар жер тилкеси Тажикстандын карамагына өтүп, анын ордуна кошуна мамлекет Кыргызстанга 5 гектар жер участогун берүү милдеттемесин ушул күнгө чейин аткарган эмес.

Чырдуу макулдашуунун өзөгү

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара жер участокторун бөлүштүрүү маселеси 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылган.

Бул документке кыргыз тарабынан ошол кездеги өкмөт башчысы Курманбек Бакиев кол койгон. Ага ылайык, Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордону менен коңшулаш Согду облусундагы “Канибадам” көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 90 гектар жер участогун Тажикстанга 49 жылга ижарага берген. Тажикстан анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн чек аралаш аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек. Бул боюнча мына ошол макулдашуунун шарттарында көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстан ал макулдашуунун шарттарын толук аткарган менен тажик тарабы аны кечеңдетип келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков аталган жер участоктору ал макулдашууга чейин эле берилип кеткенин белгиледи:

Чынында ал аймактан 90 гектар эмес, жалпысынан 104 гектар кеткен экен. Анын мыйзамсыз берилгенин аныктап чыктык. Себеп дегенде 2004-жылы июнь айында эле биз айтып жаткан макулдашууга кол койоордон он бир ай мурун эле , аталган жер тилкелерин Баткен районунунун ошол кездеги акими Болот Алиев менен Баткен облусунун ошол учурдагы губернатору Аскарбек Шадиев колду коюп, өткөрүп беришиптир. Алар кандай негизде жана кайсы мыйзамдын негизинде мындай кадамга барганы белгисиз. Биз муну өкмөт иликтеп, ага кандайча жол берилип калганына жоопкерчилик маселесин карасын деп чечим кабыл алганбыз.

Расмий Бишкек бул түйүндүү маселени чечүү аргасын издеп 2006-жылдан 2009-жылга чейин расмий Дүйшөмбү менен бир топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кыргызстандын ошол кездеги президенти Курманбек Бакиевтажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен 2008-жылы 16-майда Хожент шаарында жолугуп, өз ара кызматташтык боюнча биргеликте билдирүү жасашкан. Анда энергетикалык коопсуздукту бекемдөө үчүн эки өлкө ортосундагы узундугу 19 чакырымдык “Айгүл-Таш — Канибадам” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу маселесин тездетүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок Тажикстандагы энергетика тартыштыгы жөнгө салынган соң, ал курулуш тууралуу кийин сөз да болгон эмес.

Күттүргөн күндөр, алдаткан айлар

2008-жылы 26-ноябрда жана 2009-жылы 3-марттагы эки тараптын коопсуздук кеңешининин катчылары кол койгон протоколдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келет деп көрсөтүлгөн. Ал үчүн жол жана көпүрө курууга Исфара дарыясын жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан каралган. Ошол кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров бул боюнча мына буларга токтолду:

— Эки мамлекеттин ортосундагы тиешелүү министрликтер сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана долбоорду даярдасын деп протокол түзүлөт. Биздин коопсуздук кеңешинин маселеси ошол кезде Баткен облусунун тургундары Тажикстандын чек арасын баспай, Кыргызстандын эгемен жолдору менен тоскоолдуксуз өтсүн деген маселе болгон. Мен 2009-жылы сентябрь айында кызматтан кеттим. Анан ошол жылы декабрь айында ал келишимге кол коюлуп жатса, ал документке кийин кандай өзгөрүүлөр, алымча-кошумчалар болгонун кайдан билем?


Тажик тараптын ал милдеттемесин өкмөттөр аралык өкүлчүлүк топтору да карап, бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес.Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча
6 миллион 300 миң еврого каржыланган.

Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган. Бул тилке аркылуу кыргыз тарап Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы электр линиясын Лейлекке алып өтүү жагын караштырган. Бул боюнча кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелинде расмий Дүйшөмбүгө жолдогон кайрылуу катында көрсөтүлгөн. Бирок тажик тарабы маселени чечүүнү создуктуруп, ал сунушту кабыл алуудан да баш тарткан.

Жыйынтыгында кыргыз тарабы аталган электр линиясын Тажикстандын аймагын айланып алып өтүүгө аргасыз болгон. «Бул тажик тараптын экинчи ирет макулдашуунун шартын четке каккандыгын тастыктайт» деп көрсөтүлгөн парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин 2011-жылдын 10-майында чыгарган корутундусунда.

Баткен “Боткентке” айланганда

Макулдашуу шарттары аткарылбаганына карабай, ага өзгөртүү киргизүү боюнча кошумча протоколго 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында кол коюлган. Анда кыргыз тарап Ош-Баткен-Исфана жолунда кыргыз жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүү максатын көздөп, Тажикстандын Чорку айылын аралап өткөн жолду оңдоого уруксат алуу менен гана чектелген.Бирок бул жол Тажикстандын миңдеген мигранттары Орусияга чыкчу бирден-бир артериялык автожол экенин кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү тажик тарапка эскертип, өзүнүн позициясын коргогон эмес. Керек болсо, мына ошол макулдашуунун кошумча протоколунда Кыргызстандын Баткен облусу баштан-аяк тажикче “Боткент” деген аталышта жазылган. Мына ошондуктан ал документ тажик тараптын демилгеси менен даярдалганы көрүнүп турат дешет эксперттер. Демек «макулдашууда тажик тараптын гана кызыкчылыгы бир тараптуу таңууланган» дегенге негиз бар деп белгилешти чек ара маселелери боюнча адистер.

Бирок ага окшогон орчундуу катачылыктарга кыргыз өкмөтү жөнөткөн өкүлчүлүк көңүл да бурган эмес. Кыргыз тарабынан бул документке ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчиси, ошол кездеги транспорт министри Нурлан Сулайманов кол койгон.

Өкмөттүн чек араларды тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров аталган маселе азыр кылдат иликтене турганын белгиледи:

Эми ал жер тилкелери ал жакка толук өтүп кетти деп айтууга азырынча эрте. Башында жанагы Тажикстанга өтөт деп мерчемделген ЛЭПти курууга 90 гектар жер бергенбиз. Анын компенсациялык чыгымдарынын баарын Кыргызстан өзүнө алган. Бирок Тажикстан жол өтө турган 5 гектар жерди бизге берүү милдеттемесин аткарбай койгон. Анан кийин Лейлеке алып өтө турган электр линиясы үчүн мына ошол өлчөмдөгү жер тилкесин сурап, бирок ал маселени да создуктура бергенден кийин биз долбоор боюнча мөөнөт чукулдап калгандыктан анда да айланып өтүп, өзүбүздүн аймак аркылуу электр линиясын алып өткөнбүз. Бул маселенин жагдайларын карап чыгуу боюнча учурда өкмөттө маселе көтөрүлүп жатат.

Эскилер баскан жол менен…

Баарынан кызыгы, 2010-жылы элдик толкундоолордун жыйынтыгы менен келген бийлик да аталган маселеге кош көңүл мамиле кылган дейт документти талдоого алган адистер. Парламенттик шайлоодон кийин бийликке келген азыркы президент Атамбаевдин өкмөтү аталган макулдашуунун шарттарынын аткарылышын текшерип отурбастан 2011-жылы 21-апрелде Тажикстан менен болгон ал макулдашууну толугу менен жактырып, аны парламентке бекитүүгө жөнөткөн.

Ошол учурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев аталган макулдашуу кылдат талдоого алынбастан эле парламенттин бекитүүсүнө жөнөтүлүп калганын моюнга алды:

Ал жерде электр линиясын өткөрүү, көпүрө жана жол куруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр көптөн бери уланып жатат. Анан чындыгында эле, бул маселе 2011-жылы каралганда Жогорку Кеңештен аны кайрадан анализ кылууга кайра келген. Биз аны тиешелүү министрликтердин кайра карап чыгуусуна жөнөткөнбүз. Бирок айтып койчу жагдай, ал келишимге мен министр болгон учурда кол коюлган эмес. Менимче, ага 2009-жылы эле кол коюлуп калыптыр. Ал макулдашуудан сырткары аны менен бирге бир топ протоколдор да бар. Бирок ар бир эл аралык келишим кол коёордон мурун бир нече этаптан өтөт. Ал бир күндө эле кол коюла калбайт. Анан эми ар бир эле эл аралык макулдашууну жокко чыгара берсек, ал Кыргызстанга аброй алып келбейт.

Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитети ал макулдашуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келе турганын белгилеп, 2011-жылы 10-майда атайын корутунду чыгарган. Анда жер тилкелеринин тажик тарапка өтүп кетишине өбөлгө түзгөн жагдайларды иликтөө жана ага катышы бар кызмат адамдарын жоопко тартуу маселеси өкмөткө сунушталган. Буга байланыштуу өкмөт кийинчерээк аталган макулдашууну бекитүү тууралуу мыйзам долбоорун кайра артка чакырып алган. Бирок ошондон бери бул маселени иликтеп чыгып, тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча маселеге өкмөт азырынча чекит коё элек.

Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук кеңешинин ошол кездеги төрагасы Исмаил Исаков өкмөттүн буга карата позициясы ушу кезге чейин түшүнүксүз экенине токтолду:

Эл аралык конвенциянын негизинде бир тарап өзүнүн милдеттемесин биз мына ошол келишимди жокко чыгарууга укугубуз бар. Тажик тарабы бир айлык мөөнөттө аткарылат деген келишимдин шарттарын негизсиз эле аткарбай койгон. “Биз бул макулдашууну жокко чыгарабыз, болбосо силер тигил шарттарды аткаргыла” дегендин ордуна биздин өкмөт алар бизди мурдубуздан кандай сүдүрөсө ошол жакты көздөй жүргөнү, алардын айтканы менен болгону күйдүрүп жатпайбы. Бул бизде улуттук ар-намыс, кызыкчылык деген өзү калганбы деген суроо туулат экен. 2011-жылы биз өкмөткө бул маселени иликтеп чыгып, буга чейинки жагдайга катышы бар кызмат адамдарын жоопко тарткыла, анан маселени Кыргызстандын кызыкчылыгына чечкиле дегенбиз. Бирок андай болгон жок. Кайра тескерисинче мына ошол макулдашууну бекитүүнү караган мыйзамдын долбоорун кайрадан алып келгенге аракет кылып жатышат.

Мамытов: Кызыкчылыкка доо кете элек

Парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетинин азыркы учурдагы төрагасы Токон Мамытовдун бул маселеге карата көз карашы башкача. Ал эки мамлекеттин ортосундагы бул маселе кылдат дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш деп эсептейт. Ошол эле кезде комитет төрагасы маселени саясатташтырып, коомчулукта чоң талкууга айландыруу жыйынтык бербейт деген пикирде.

Токон Мамытов 2011-жылы Атамбаев өкмөт башчысы болуп турганда мыйзам долбоорун өзү бекитүүгө жөнөтүп, бирок кайра артка чакыртып алганынын өзү эле чоң нерсе деп баалады:

Атамбаев өкмөт башчысы болуп турганда аны парламентке сунуштаган жок, тескерисинче кайра артка чакырып алды. Биз ошондо комитетте өкмөт текшерип чыксын дегенбиз. Себеби бирде 90 гектар десе, экинчиси 104 гектар жер деп ар кандай сөз болуп жатпайбы. Ошону өкмөт азыр тактап жатат. Анан бул жерде бирөөлөр маселени жөн эле саясатташтырып, туура эмес “оюн” кылып жатат. Бул жерде эч кимге эч нерсе берилип кетпегенден кийин, өкмөт иликтеп иштеп жаткандан кийин ага кийлигишпей күтүп туруш керек да. Азырынча эч нерсе чечиле элек. Анан эле бөйрөктөн шыйрак чыгара коюунун кажети жок. Эч нерсе иш жүзүнө аша элек.

Тактоо үчүн: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган протоколду бекитүү боюнча мыйзам долбоору 2012-жылы 25-январда гана чакыртып алынган. Демек 2011-жылы 10-майда парламент комитетинин корутундусу өкмөткө тапшырылгандан кийин туура тогуз айдан кийин гана ал документ артына чакыртылган. Бул боюнча өкмөттүн токтомуна ошол кездеги өкмөт башчысы Бабанов кол койгон.

Чубалган чуулуу жагдайлар

Бул арада өкмөт Тажикстан жана Өзбекстан менен чек аралаш аймактардагы жер тилкелери боюнча эски көйгөйлөрдү чечкенче улам жаңылары пайда болууда.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Ариповкыргыз өкмөтүнүн чечкинсиздигинен улам, соңку он беш жылда Баткендин Лейлек району анклав абалына кептелгенин белгиледи:

Тажикстанга мыйзамсыз өтүп кеткен жерлер боюнча башка эпизоддор чыгып атбайбы. Мисалы үчүн Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан 35 гектар жер тилкеси өтүп кеткен. Максат-Кулунду жолунун жанындагы жер тилкеси. Ушундай эле жер тилкелери Арка айыл аймагында бар. 2000-жылга чейин эле биздин аймак болуп келген мына ошол жер тилкелерин алдырып жибергенбиз. Мына ошонун бардыгын өкмөт чече албай келе жатат. Биздин бийликтин ички саясаттан колу бошобой жатканда жер тилкелери тажик коңшулар тарабынан өздөштүрүлүп кетти.

Буга чейин эле бир катар эл аралык эксперттер Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон жер-суу маселелери чек ара чатактарынын чыгышына өбөлгө болушу күтүлөт деп эскертип келишет. Бирок аталган үч кошуна мамлекеттин башчылары маселени тынчтык жолу менен чечүүнүн жол-жоболорун ушул кезге чейин иштеп чыгыша элек.

Булак: Азаттык