100гө жакын адамды аткан неме бөпөлөнөт

30.04.2016 | Дүйнөдө

Андрейс Брейвик

Өлчөөсү өздөрүндө болсун, Европадагы дагы бир айбандык кечээ жакында болуп өттү, теледен көрсөтпөдүбү. Норвегияда мындан беш жыл мурун Андрейс Брейвик деген террорист эки жерден 100гө жакын кишини  өлтүргөн. Адегенде Ослонун өкмөттүк мекемелер жайгашкан башкы көчөсүндө бир машинаны жардырган, андан сегиз киши өлгөн. Андан соң шаар четиндеги жаштар лагерине барып 90дон ашык адамды атып өлтүргөн. Себеби, Норвегия өкмөтүнүн социалдык саясатына каршы экен. Өлгөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү жаштар болгон. Мына ошол неме «мени адам чыдагыс абалда кармап турушат, муздак кофе берет, башкалар менен сүйлөштүрбөйт,  адам укугум аябай бузулуп жатат» деп Норвегия өкмөтүн ошол эле өлкөнүн сотуна  бериптир. Ал айбанды сот залына алып келишти. Мыкты костюм кийген, мойнунда галстук, өзү таптаза көрүндү. Анан ал полицейскийдин отур деп ишарат кылган колун кагып салып бир мүнөтчө фашисттерче колун алдыга сунуп турду да жылдырылган орундукка олтурду.

Аталган кылмышкер үч бөлмөлүү камерада жатат экен. Уктоочу бөлмөсү өзүнчө, тренажердук залы бар, телевизору бар, гезит-журналы, китептери толтура. Соттолгондон кийин Норвегиянын бир университетине тапшырып окуп жатыптыр. Ошентип сот болуп, Брейвигиң утуп чыккан тура. Эми анын камерасы беш бөлмөлүү болот, тамак-ашы аябагандай жакшыртылат, кофеси ысык болот  ж.б. Бул айбанды түрмөдө багууга жылына  налог төлөөчүлөрдүн 1,5 миллион евросу кетет экен! Мына ушундай айбандыкты Европа өлкөлөрү «адам укугун коргоо» деп түшүнөт тура. Бу жанда жок келесоолор атылган 100 чамалуу адамдын укугун эмнеге коргобойт?! «Өлмөктөн доңуз копсун» деген принцип менен жашап жаткан немелер дагы бизге акыл үйрөтөт, жанагы биздин кем акыл, ачкөз катындарга акча берип өз өлкөсүн жамандаттырат. Мына сага Европанын «адам жандуу цивилизациясы».

Эки айча мурун Германияга дүргүп барган сириялыктар, афгандар ж.б. алардын кайсы бир шаарынын темир жол вокзалында каалаганын кылышты го. Андай окуяны Швецияда да  жасашты. Бул эки учурда тең кетип бараткан аялдарды зордуктоого аракет кылып, кийимдерин тытып, эрекектерин сабап, тим эле Сирияда жүргөндөй көөп турушту. Ошондо эки өлкө тең аялдарын, жалпы эле жарандарын коргой албай,  аялдарына «сак болуп жүргүлө» деп эскерткен куру сөзүнөн башканы айта алышкан жок… Бүтүндөй Европа кыргыздардан көп нерсени үйрөнсө сонун болот эле. Ага мээси жетпей жатпайбы…

 

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: