1 тонна 464 кг бешбармак жана 117 метр узундуктагы чучук жасалды

12.03.2018 | Коом

1038107369

11-мартта Аю Гранд Комфорт соода борборунун алдында  Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатында кыргыздын улуттук сый тамагы болгон  бешбармак жана чучук жасалып, комиссияга жана келген конокторго берилди. Бешбармактын таза салмагы 1 тонна 464 кг болсо, чучуктун узундугу 117 метрге барып дүйнөнү таӊ калтырды. Бешбармакты жасоого 40 ашпозчу киришип, баш-аягы 70ке чукул ашпозчу кызмат кылышты. Ал эми чучукту Тойбос фирмасы жасап, бышырып келишти. Бул патриоттук духту көтөргөн иш чараны кыргыздын кыраан кыздары Элнура Кулуева, Дана Абдыбекова, Сайрагул ДуулатоваКанышай Мамыркулова жана патриот жигиттер Авланбек Жумабаев, Жамалбек Ырсалиевдер башында туруп уюштурушту. Иш чараны чагылдырууга 150дөй Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырышты. Адистин айтымында, бешбармак менен чучукту Гиннестин рекорддор китебине каттоо боюнча жооп 15 күндүн ичинде келет экен.

2018-03-11_11-32-02_874173_w 29028039_1832558440148097_9114506098496708959_n 1038106856


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: