1-ноябрдан тарта Түркмөнстанда коммуналдык төлөмдөр кымбаттайт

13.10.2017 | Дүйнөдө

images

1-ноябрдан тарта Түркмөнстанда коммуналдык кызматтардын төлөмдөрү кымбаттайт. Суу, электр энергиясы, газ жана башка коммуналдык кызматтарын баасы буга чейин өкмөт тарабынан бир топ арзандатылган жана субсидияланган баа менен алып келишкен болсо, кирешенин көбөйгөнүнө байланыштуу эми бир топ жогорулаары айтылууда. Жакында эле Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов коммуналдык төлөмдөрдү көтөрүү жарлыгына кол койду. Өз сөзүндө түркмөндөрдүн өлкө башчысы андай жеӊилдиктер мурун өлкөдө экономикалык кырдаал кыйын болуп турган учурда берилгенин, ал эми азыр калктын кирешеси бир топ көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, коммуналдык кызматтардын баасы көтөрүлгөнү жумуш орундары көбөйүп, киреше өскөндүгү менен байланыштырды.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: